# Ак-Сай айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 60 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынан жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 60 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынан жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434004>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63461/edition/1018217/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Сай айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 60 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынан жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтому (06.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434004

---

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2020-жылдын 6-июлу № 60 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынан жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы № 21, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мый замдарынын редекциясына ылайык, Ак-Сай айыл аймагында жашаган элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүн куруу үчүң, Ак-Сай айылдык кеңешинин V- чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер мннистирлигинин ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүн куруу үчүн, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын СМУ участкасындагы №181 контурундагы 3.27га жайыт (Түп-тамырынан жакшыртылган жайыт) жер аянты "Айыл чарба багытындагы жердери" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлери" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөо жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлсүн.

Ак-Сай айылдык кеӊешинин төрагасы

А. Талиев
