8-берене. Өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик почта байланышы тармагын башкаруу
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · II Бөлүм
Өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик почта байланышы тармагын башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы тармагынын мамлекеттик башкаруу органы тарабынан "Кыргыз Почтасы" мамлекеттик департаменти, өкмөттүк органдардын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик органдардын аткаруу бийлигинин байланышты башкаруу борборлору, ошондой эле мамлекеттик почта байланышы ишканалары аймактын карамагында болгон башка мамлекеттик жана жергиликтүү аткаруу бийлик органдары менен бирдикте жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзгөчө кырдаал учурларында өз иш-аракетин аткаруудан жана табигый кырсыктардын почта байланышы каражаттарына тийгизген кесепеттерин жоюуда мамлекеттик почта байланышы ишканаларына жардам көрсөтөт.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-8" title="8-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>