# 7-берене. Почта байланышы жаатындагы жөнгө салуу

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/434#diff=1286802..1286804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 7-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-7

---

Почта байланышы жаатындагы жөнгө салууну байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат, анын функцияларын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдери менчигинин түрүнө карабастан почта байланышы жаатындагы бардык жөнгө салынуучу субъекттер үчүн милдеттүү болуп саналат. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды күтүүгө чыгымдар төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- байланыш тармагын өнүктүрүүгө почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдөн түшкөн 0,9 пайыз өлчөмүндөгү ар жылдык чегерүүлөрдүн, алар толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш, анын ичинен бюджеттен 40 пайызы байланыш тармагын өнүктүрүүгө багытталат;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн;

- донордук жана башка уюмдардын гранттарынын, жардамынын;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-6-1)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-8)
