# 6-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/434#diff=1286802..1286804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 6-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-6

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында почта байланышы тармагын өнүктүрүү программасын бекитет жана ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболоруна ылайык аны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдойт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары:

- почта байланышы тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү;

- инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү;

- почта байланышы тармагын демонополизациялоо жана менчиктештирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

- байланыштын эл аралык уюмдарында Кыргыз Республикасынан өкүлчүлүк кылуу;

- почта байланышы кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети почта байланышы жаатындагы башкаруу боюнча өз ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамга ылайык почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана почта байланышынын абалы жана өнүгүшү үчүн өз компетенциясынын чегинде жоопкерчиликти алуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарына берет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-5)  
Кийинки берене: [6-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-6-1)
