6-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · II Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында почта байланышы тармагын өнүктүрүү программасын бекитет жана ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболоруна ылайык аны ишке ашыруунун жүрүшүн контролдойт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин почта байланышы жаатындагы ыйгарым укуктары:
- почта байланышы тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
- почта байланышы тармагын демонополизациялоо жана менчиктештирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- байланыштын эл аралык уюмдарында Кыргыз Республикасынан өкүлчүлүк кылуу;
- почта байланышы кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети почта байланышы жаатындагы башкаруу боюнча өз ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамга ылайык почта байланышы жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына, байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана почта байланышынын абалы жана өнүгүшү үчүн өз компетенциясынын чегинде жоопкерчиликти алуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарына берет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Почта байланышы тармагындагы башкаруу
Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы өз
иш-аракетин Кыргыз Республикасынын "Электр жана почта байланышы
женүндө" Мыйзамына жана ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат.
Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы почта
байланышынын мамлекеттик тармагын башкаруудагы өзүнүн ыйгарым укуктарын
анын түзүмдүк бөлүгү болгон жана Уставдын негизинде аракеттенген "Кыр-
гыз Почтасы" мамлекеттик департаменти аркылуу жүзөгө ашырат.
Республиканын аймагындагы почта байланышы кызматын көрсөтүүчү мен-
чиктин башка түрлөрүндөгү почта байланышы ишканаларынын иш-аракети Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик программалар почта байла-
нышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы тарабынан иштелип чыгат
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-6" title="6-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>