# 5-берене. Почта байланышы жөнүндө мыйзамдар

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/434#diff=1286802..1286804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 5-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-5

---

Кыргыз Республикасында почта тармагындагы мамилелер, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укук актылары, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун мүчөсү катары Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдер жана макулдашуулар аркылуу жөнгө салынат. Эгерде Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде же макулдашууларда ушул Мыйзамда каралгандан бөлөк эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат. Почта байланышы тармагынын туруктуу иштөөсүн мамлекеттик башкаруу, жөнгө салуу жана уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча, ошондой эле каражаттарды эксплуатациялоо жана контролдоо, почта байланышы кызматтарын көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы тармагында мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу органдары тарабынан чыгарылуучу укук актылары Кыргыз Республикасынын юрисдикциясындагы бардык почта байланышы ишканалары үчүн милдеттүү болуп саналат. Ушул Мыйзамды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлөт, аны жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-6)
