# 35-берене. Почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана почта байланыш каражаттарын колдонууга жол бербөө

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: IX Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/434#diff=1286802..1286804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 35-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-35

---

Почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн күнөөлүү, ошондой эле почта байланышы чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жоопкерчиликти тартат. Күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартуу алар келтирген зыяндын ордун толтуруудан аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошотпойт. Почта байланышы каражаттарын мамлекеттин коопсуздугуна карама-каршы келген, коомдук тартипти бузган жана жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген, ошондой эле экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу, баңги каражаттарын, прекурсорлорду, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун таратуу максатында пайдаланууга тыюу салынат. Айып пул салуу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Айып пул төлөө юридикалык жана жеке жактарды почта байланышы жөнүндө мыйзамдарды бузууну токтотуу жөнүндө көрсөтмөнү аткаруудан бошотпойт. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-36)
