Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
33-берене. Эл аралык кызматташтык
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · VIII Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Почта байланышы тармагында эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун ченемдерине жана сунуштарына ылайык жүзөгө ашырылат. Почта байланышы тармагында эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга катышкан Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык түзүшөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарынын ченемдери Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын катышуусу менен болгон почта байланышы жаатындагы иш-аракеттерге карама-каршы келген учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башка жагдайлар каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат. Почта байланышы тармагындагы эл аралык иш-аракеттерде Кыргыз Республикасынын почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын почта администрациясы катары чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз Республикасынын почта байланышы тармагында болгон таламдарын эл аралык уюмдарда башка өлкөлөрдүн почта администрациялары менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде билдирет жана коргойт. Кыргыз Республикасынын почта байланышы боюнча эл аралык уюмдардын иш-аракеттерине катышкандыгы үчүн мүчөлүк акылар мамлекет тарабынан милдеттүү каржылоого алынат. Кыргыз Республикасы өзүнүн бүткүл аймагында транзиттик эркиндикке кепилдик берет жана жазуу жүзүндөгү кат-кабарларды өз ара алмашуу үчүн бирдиктүү почта аймагына кирет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Эл аралык кызматташтык
Почта байланышы тармагында эл аралык кызматташтык Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери-
не ылайык, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун ченемдерине жана
сунуштарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Почта байланышы тармагында эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга
катышкан Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары чет
өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине
ылайык түзүшөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чет өлкөлүк мамлекеттердин
мыйзамдарынын ченемдери Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык
жактарынын катышуусу менен болгон почта байланышы жаатындагы иш-аракет-
терге карама-каршы келген учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын эл ара-
лык келишимдеринде башка жагдайлар каралбаса, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары колдонулат.
Почта байланышы тармагындагы эл аралык иш-аракеттерде Кыргыз Рес-
публикасынын почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы
Кыргыз Республикасынын почта администрациясы катары чыгат жана Кыргыз
Республикасынын өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктардын чегинде Кыргыз Рес-
публикасынын почта байланышы тармагында болгон таламдарын эл аралык
уюмдарда башка өлкөлөрдүн почта администрациялары менен өз ара аракет-
тенүүнүн негизинде билдирет жана коргойт.
Кыргыз Республикасынын почта байланышы боюнча эл аралык уюмдардын
иш-аракеттерине катышкандыгы үчүн мүчөлүк акылар мамлекет тарабынан
милдеттүү каржылоого алынат.
IX Бөлүм
Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн контроль жана жоопкерчилик
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-33" title="33-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>