# 30-берене. Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын укуктарын коргоо жана талаптар менен доолорду коюунун тартиби

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: VI Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 30-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-30

---

Почта байланышы ишканасы өзүнүн почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча милдеттерин аткарбаса же так эмес аткарса почта кызматынан пайдалануучулар ички ченемдик документтерге ылайык почта байланышы ишканасына почта жөнөтмөсүн тапшырган күндөн баштап алты айлык мөөнөт ичинде келтирилген зыянды төлөп берүү талабы менен доо коюуга укуктуу. Доолор жазуу түрүндө коюлат, белгиленген тартипте сөзсүз түрдө катталууга тийиш жана почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын почта байланышы тармагындагы мамлекеттик жөнгө салуу органы менен макулдашып, бекитилген тийиштүү ички ченемдик документтер менен жөнгө салынып туруучу мөөнөттүн ичинде каралат. Доолор почта жөнөтмөсүн кабыл алган же болбосо почта жөнөтмөсү багытталган жердеги почта байланышы ишканаларына коюлушу мүмкүн. Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн издөө боюнча коюлган доолор Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун макулдашуулары менен актылары, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана республиканын почта администрациясынын келишимдери белгилеген тартипте жана мөөнөттө кабыл алынат жана каралат. Мамлекеттик почта байланышы ишканаларына коюлган доолор, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын тапшыруусу боюнча алардын дарегине келип түшкөн мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын иш-аракетине коюлган доолор да "Кыргыз Почтасы" мамлекеттик департаменти тарабынан каралат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-31)
