Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
30-берене. Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын укуктарын коргоо жана талаптар менен доолорду коюунун тартиби
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · VI Бөлүм
Почта байланышы ишканасы өзүнүн почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча милдеттерин аткарбаса же так эмес аткарса почта кызматынан пайдалануучулар ички ченемдик документтерге ылайык почта байланышы ишканасына почта жөнөтмөсүн тапшырган күндөн баштап алты айлык мөөнөт ичинде келтирилген зыянды төлөп берүү талабы менен доо коюуга укуктуу. Доолор жазуу түрүндө коюлат, белгиленген тартипте сөзсүз түрдө катталууга тийиш жана почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын почта байланышы тармагындагы мамлекеттик жөнгө салуу органы менен макулдашып, бекитилген тийиштүү ички ченемдик документтер менен жөнгө салынып туруучу мөөнөттүн ичинде каралат. Доолор почта жөнөтмөсүн кабыл алган же болбосо почта жөнөтмөсү багытталган жердеги почта байланышы ишканаларына коюлушу мүмкүн. Эл аралык почта жөнөтмөлөрүн издөө боюнча коюлган доолор Бүткүл дүйнөлүк почта союзунун макулдашуулары менен актылары, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жана республиканын почта администрациясынын келишимдери белгилеген тартипте жана мөөнөттө кабыл алынат жана каралат. Мамлекеттик почта байланышы ишканаларына коюлган доолор, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын тапшыруусу боюнча алардын дарегине келип түшкөн мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын иш-аракетине коюлган доолор да "Кыргыз Почтасы" мамлекеттик департаменти тарабынан каралат.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-30" title="30-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>