# 3-берене. Почта байланышынын милдети

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/434#diff=1286802..1286804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 3-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-3

---

Кыргыз Республикасынын юрисдикциясындагы почта байланышы почта жөнөтмөлөрүн, акча котормолорун кабыл алууну, иштетүүнү, жеткирүүнү жана тапшырууну, пенсия менен жөлөкпулдарды төлөп берүүнү, ошондой эле республиканын бүткүл аймагында келишимдик негизде мыйзам тарабынан тыюу салынбаган салттуу эмес жана коммерциялык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуучу байланыш объекттери менен каражаттарынын бирдиктүү технологиялык тармагын түзөт. Почта байланышынын кызматтары Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте берилүүчү лицензиялардын негизинде иштеген менчиктин ар кандай түрүндөгү почта байланышы ишканалары жана операторлору тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн. Почта байланышынын мамлекеттик ишканалары почта жөнөтмөлөрүн өз ара алмашуу үчүн бирдиктүү почта аймагын түзөт, Кыргыз Республикасынын почта байланышы чөйрөсүндөгү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын карамагында болот жана жазуу жүзүндөгү кат-кабарларды, акча которууларды кабыл алуу, иштетүү, жөнөтүү жана жеткирүү, республиканын ичинде, ошондой эле анын чегинен тышкары почтаны ташуу, ошондой эле пенсия менен жөлөкпулдарды төлөө боюнча кызматтарды көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети почта байланышынын дайындалган операторунун базасында бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган тартипте бонд кампасынын иши боюнча эксперименттик долбоорду ишке ашырууга укуктуу. Мамлекеттик эмес ишканалар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде почта кызматтарын көрсөтөт. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында почта жөнөтмөлөрүнүн жана почта транзитинин эркиндиги кепилденет. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-4)
