# 25-берене. Почта байланышы ишканаларынын почта жөнөтмөлөрүнүн сакталышын камсыз кылуусу

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: VI Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 25-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-25

---

Почта байланышы ишканалары кабыл алынган почта жөнөтмөлөрүнүн жана акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Почта жөнөтмөлөрүн, акча каражаттарын иштетип жана сактай турган жайлар почта ченемдик актыларында белгиленген ченемдерге ылайык керектүү жабдуулар жана өрттөн сактоо-сигналдаштыруу каражаттары менен жабдылууга тийиш. Почта жана акча каражаттарын ташыган транспорт каражаттары бөлөк адамдар кире албагандай болуп жабдылышы керек. Почта байланышы ишканалары почта жөнөтмөлөрүнүн жана акча каражаттарынын, пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө каражаттарынын инкассациясынын сакталышын камсыз кылуу максатында почталык коопсуздук кызматын жана бөлүмүн, тийиштүү коргонуу каражаттарын кармоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-26)
