25-берене. Почта байланышы ишканаларынын почта жөнөтмөлөрүнүн сакталышын камсыз кылуусу
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · VI Бөлүм
Почта байланышы ишканалары кабыл алынган почта жөнөтмөлөрүнүн жана акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Почта жөнөтмөлөрүн, акча каражаттарын иштетип жана сактай турган жайлар почта ченемдик актыларында белгиленген ченемдерге ылайык керектүү жабдуулар жана өрттөн сактоо-сигналдаштыруу каражаттары менен жабдылууга тийиш. Почта жана акча каражаттарын ташыган транспорт каражаттары бөлөк адамдар кире албагандай болуп жабдылышы керек. Почта байланышы ишканалары почта жөнөтмөлөрүнүн жана акча каражаттарынын, пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө каражаттарынын инкассациясынын сакталышын камсыз кылуу максатында почталык коопсуздук кызматын жана бөлүмүн, тийиштүү коргонуу каражаттарын кармоого укуктуу.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-25" title="25-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>