# 23-берене. Почта байланышы кызматтары жөнүндө маалыматка пайдалануучулардын укуктары

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: V Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/434#diff=1286802..1286804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 23-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-23

---

Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында почта байланышы кызматтарынан пайдаланууга тең укуктуу. Почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулар өздөрүнүн почта байланышы кызматтарынын көрсөтүлүшүнө болгон укуктары жөнүндө, кызматтарга болгон тарифтер менен баалар жана почта жөнөтмөлөрүнүн жете турган мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтарды почта байланышы ишканаларынын да, ошондой эле жарнама жана массалык маалымат каражаттары аркылуу да эркин алуу укугуна ээ. Почта байланышы ишканалары практикалык ишинде почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын аларды тейлөөнү жакшыртууга багытталган сунуштарын эске алууга милдеттүү. Кепилденген сапаттагы почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн алууга керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле бул укуктарды коргоону ишке ашыруу механизми Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-24)
