# 22-берене. Почта байланышы уюмдары менен ишканаларынын кызматкерлерине кошумча гарантиялар

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: IV Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 22-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-22

---

Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик почта байланышы ишканаларына кызматтык турак жайларды бөлүп берет. Мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын почточуларына алар өздөрүнүн кызмат милдеттерин аткаруу учурунда шаардык жүргүнчү транспортунун бардык түрлөрүндө (таксиден бөлөк), ал эми айыл жергесинде да ошондой эле шаар тегерегинде жана шаар аралык жүрүүчү жалпы пайдаланылчу автомобиль транспортунда акысыз жүрүүгө укук берилет. Ушул максаттарга кеткен чыгымдарды төлөө жергиликтүү бийлик органдарынын бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт. Почточулар бут кийим жана форма, ал эми зарыл учурларда почта байланышы ишканаларынын эсебинен жүрүүчү жекече каражаттар менен камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-23)
