# 20-берене. Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органынын өзгөчө укуктары

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 20-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-20

---

Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органына почта кызматынын акысын төлөөнүн мамлекеттик белгилерин даярдоого жана чыгарууга, Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик почта байланышы ишканаларына почта индекстерин ыйгарууга, ошондой эле мамлекеттик почта байланышы ишканалары үчүн энчилүү буюмдарды жасоого жана пайдаланууга өзгөчө укуктар берилет. Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы почта маркаларын чыгарууга жана жүгүртүүдөн алып салууга өзгөчө укукка ээ. Ал алардын чыгарылышынын жылдык программаларын иштеп чыгат, түзүмүн жана тематикасын аныктайт.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-19)  
Кийинки берене: [20-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-20-1)
