# 20-1-берене. Почта байланышы жаатындагы эмгек шарттарынын өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-20-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 20-1-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-20-1

---

Почта байланышы ишканаларында эмгек шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат. Почта байланышы ишканаларынын кызмат адамдарына атайын жүктөрдү, накталай акчаларды, башка почта жөнөтмөлөрүн коштоо жана байланыш объекттерин кайтаруу боюнча кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн ок атуучу куралды, ошондой эле өзүн-өзү коргоонун жана жеке коргонуунун атайын каражаттарын сактоо, алып жүрүү жана колдонуу укугу берилет. Ок атуучу куралды, ошондой эле өзүн-өзү коргоонун жана жеке коргонуунун атайын каражаттарын колдонуу Кыргыз Республикасынын курал-жаракты жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдары менен жөнгө салынат. Почта байланышы ишканалары өз каражаттарынын эсебинен өз кызматкерлерине кошумча социалдык жеңилдиктерди жана материалдык компенсацияларды белгилөөгө укуктуу. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-20)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-21)
