# 18-берене. Почта байланышы тармагындагы монополияга каршы саясат

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/434#diff=1286802..1286804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 18-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-18

---

Кыргыз Республикасынын аймагындагы почта байланышы тармагынын иш-аракеттери демонополизация жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатка ылайык жүргүзүлөт. Почта байланышы ишканалары өздөрүнүн аракеттеринин натыйжасында атаандаштыкка олуттуу чек койсо же почта кызматтарын көрсөткөн башка жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына кысым көрсөтсө, почта байланышы кызматтарынын тартыштыгын пайда кылып жана аны колдоп турса, болбосо ага болгон тарифтерди негизсиз жогорулатса, анда алар Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу органдары монополияга каршы саясат боюнча орган менен бирдикте Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы кызматын көрсөтүүдөгү ак ниеттүү атаандаштыкты колдойт. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-19)
