18-берене. Почта байланышы тармагындагы монополияга каршы саясат
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · III Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2023 года № 173
Кыргыз Республикасынын аймагындагы почта байланышы тармагынын иш-аракеттери демонополизация жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатка ылайык жүргүзүлөт. Почта байланышы ишканалары өздөрүнүн аракеттеринин натыйжасында атаандаштыкка олуттуу чек койсо же почта кызматтарын көрсөткөн башка жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына кысым көрсөтсө, почта байланышы кызматтарынын тартыштыгын пайда кылып жана аны колдоп турса, болбосо ага болгон тарифтерди негизсиз жогорулатса, анда алар Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу органдары монополияга каршы саясат боюнча орган менен бирдикте Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы кызматын көрсөтүүдөгү ак ниеттүү атаандаштыкты колдойт. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
алынып салынды: Почта байланышы тармагындагы монополияга каршы саясат
Кыргыз Республикасынын аймагындагы почта байланышы тармагынын
иш-аракеттери демонополизация жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мам-
лекеттик саясатка ылайык жүргүзүлөт.
Почта байланышы ишканалары өздөрүнүн аракеттеринин натыйжасында
атаандаштыкка олуттуу чек койсо же почта кызматтарын көрсөткөн башка
жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыгына кысым көрсөтсө, почта бай-
ланышы кызматтарынын тартыштыгын пайда кылып жана аны колдоп турса,
болбосо ага болгон тарифтерди негизсиз жогорулатса, анда алар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу жана жөнгө салуу
органдары монополияга каршы саясат боюнча орган менен бирдикте Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык почта байланышы кызматын
көрсөтүүдөгү ак ниеттүү атаандаштыкты колдойт.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-18" title="18-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>