# 15-берене. Почта байланышынын менчиги

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2023 [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649); 04.08.2008 [Закон КР от 4 августа 2008 года № 186 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О почтовой связи"](https://aqlex.ai/kg/doc/202400)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/434#diff=1286802..1286804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 15-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-15

---

Кыргыз Республикасында почта байланышы каражаттары мамлекеттик, коммуналдык, жеке жана бөлөк менчикте болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларына алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан республиканын аймагында почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди уюштурууга жана жүзөгө ашырууга керектүү болгон жер участкалары, өндүрүштүк жана башка имараттар, аларга келүүчү жолдор, байланыш каражаттары, транспорт жана башка мүлктөр, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар менчикке, ижарага, чарба жүргүзүүгө же оперативдик башкаруу үчүн берилет. Почта тармактары, почта маршруттарынан башка, юридикалык жактарга мамлекеттик, коммуналдык, жеке жана бөлөк менчик укуктарынын негизинде таандык болушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы тармагындагы мамлекеттик башкаруу органы тарабынан берилген мамлекеттик менчиктеги почта байланышы ишканаларынын мүлктөрү аталган ишканаларга чарба жүргүзүү же оперативдик башкаруу укуктарынын негизинде таандык. Почта байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу максатында почта байланышы ишканалары жеке жана юридикалык жактардын мүлктөрүн келишимдик негизде пайдалана алат. (КР 2008-жылдын 4-августундагы N 186, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-16)
