# 14-берене. Кат-кабар алышуунун жашырындуулугу

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/434#diff=1286802..1286804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 14-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-14

---

Кат-кабар алышуунун жашырындуулугу Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана кат алышуунун сырын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылар менен гарантияланат. Почта байланышы ишканаларында эмгектенген адамдар ушул сырдын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. Кат-кабар алышуунун жашырындуулугун бузууга жана кат-кабарлардын же башка почта жөнөтмөлөрүнүн мазмунун элге таратууга тыюу салынат. Почта жөнөтмөлөрү тууралу маалымат, ошондой эле ушул жөнөтмөлөрдүн өзү (билдирүүлөр) жөнөтүүчүгө жана алуучуга (адресатка) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө гана берилиши мүмкүн. Кылмыштарды ачуу жана тергөө жүрүп жаткан кылмыш иштеринин чындыгын аныктоо максатында почта байланышы операторлору тергөө органдарына жана сотко буюм далилдери катары каралган почта жөнөтмөлөрүн жана зарылдыгы бар документтерди берүүгө милдеттүү. Почта байланышы объекттеринен почта жөнөтмөлөрүнө камак салуу жана аларды алып коюу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Өндүрүштүк документтерди алуу Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамы белгилеген тартипте жүргүзүлөт. Почта байланышы ишканалары почта жөнөтмөлөрүнөн жөнөтүүгө тыюу салынган буюмдарды (курал-жарак, уулуу, оңой күйүүчү заттарды ж.б.) белгиленген тартипте алып салууга укуктуу. Эгерде почта жөнөтмөлөрүн жөнөтүүчүнүн жана алуучунун даректери жок болгондугуна байланыштуу жеткирүүгө же кайра жөнөтүүгө мүмкүндүк болбосо почта байланышы ишканалары аларды ачууга укуктуу. Алуучулары табылбаган почта жөнөтмөлөрүн ачуунун, ошондой эле жөнөтүүгө тыюу салынган буюмдар менен почта жөнөтмөлөрүн алып коюунун тартиби почтанын ченемдик актылары менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын изин суутпай издөө иш-чаралары чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, почта кат-кабарларын жана документтик билдирүүлөрдү ачууга жана карап чыгууга, алар жөнүндө зарыл маалымдамаларды алууга тыюу салынат. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-15)
