# 13-берене. Почта байланышы кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жана сапатынын гарантиялары

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/434#diff=1286802..1286804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 13-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-13

---

Почта байланышы кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жана сапатынын негизги гарантиялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын бардыгы үчүн почта байланышы кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө бирдей укукта почта байланышы кызматтарын көрсөтүү;

- почта байланышы ишканаларынын иш күнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып, почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулар үчүн ыңгайлуу режимде жүргүзүүнү камсыз кылуу;

- почта байланышы ишканалары көрсөткөн почта байланышы кызматтарына талаптагыдай сапатта тейлөөнү почта байланышы кызматтарынан пайдалануучулардын талабын канааттандыргандай камсыз кылуу;

- почта байланышынын мамлекеттик кызматын мамлекет тарабынан колдоо жана өнүктүрүү;

- маалымат алуу жана аны алмашуу каражаттарынын бири катары почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык жарандар жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

- почта байланышы жаатындагы эрежелердин, стандарттардын, талаптардын жана ченемдердин бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-14)
