12-берене. Почта ташууда транспорт каражаттарын пайдалануу
Күчүндө · 09.08.2023 редакциясы · III Бөлүм
Мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын почта ташууда пайдаланылуучу транспорт каражаттарында "Почта" деген атайын жазуусу болот. Аталган транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын бардык көчөлөрү жана жолдору боюнча тоскоолсуз өтүү, оперативдүү жана атайын кызматтардын автомобилдери менен катар эле кезексиз түрдө күйүүчү май куйдуруу, ошондой эле менчиктин бардык түрлөрүндөгү техникалык сервис кызматтарында кезексиз техникалык тейлөөдөн өтүү жана оңдотуу укуктарына ээ. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда мамлекеттик почта байланышы ишканаларынын транспорт каражаттары ушул ишканалардын макулдугусуз почта байланышы тармагындагы иш-аракеттер менен байланышпаган жумуштарды аткаруу үчүн пайдаланылбайт. Темир жол транспорту тармагындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы келишимге ылайык жүк-почта вагондорунун каттоосун уюштурат, бул вагондорду тез жүрүүчү жана жүргүнчү поезддеринин курамына кошот жана почта вагондору бар поезддерди жүктөп-түшүрүүгө ыңгайлуу болгон платформаларда кабыл алууну камсыз кылат. Почта байланышы ишканалары келишимдерге ылайык почтаны темир жол, аба жана автомобиль жолдорунун бардык маршруттары жана жолдору боюнча почта байланышы ишканаларынын кызматчыларынын коштоосу менен же почта жөнөтмөлөрүн жеткирүүнү транспорт уюмдарынын жоопкерчилигине өткөрүп берүү аркылуу ташуу укугуна ээ. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар алардын транспорт каражаттарын почта байланышы ишканалары почта жөнөтмөлөрүн ташуу үчүн пайдаланган учурда ушул почта жөнөтмөлөрүн дареги боюнча тезирээк жана бүлдүрбөй-жоготпой жеткирүүгө көмөктөшүүгө милдеттүү. Мамлекеттик почта байланышынын транспорт каражаттарын кармоо жана кароо тийиштүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ушул райондун же шаардын прокурорунун санкциясы бар болгон учурда жакынкы мамлекеттик почта байланышы ишканасынын аймагында, анын өкүлүнүн катышуусу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Берененин тексти 09.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/434/st-12" title="12-берене - Почта байланышы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>