# 10-берене. Почта байланышы жаатындагы ишти лицензиялоо

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2023 года № 173 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об электрической и почтовой связи", "О почтовой связи")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112649)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/434#diff=1286802..1286804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 10-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-10

---

Почта байланышы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиялар Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилет. Почта байланышы жаатында ишке лицензия төмөнкүлөргө негизделген лицензиялык талаптарды камтыйт:

- тармакты өнүктүрүүгө же кеңейтүүгө, же кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө карата милдеттенмелерге, эгерде алар каралган болсо;

- басмырлоосуз негизде бардык пайдалануучуларга кызмат көрсөтүүгө лицензиаттын милдеттенмелерине;

- пайдалануучу акы төлөбөгөн же пайдалануучу сервистик келишимдин шарттарын бузган учурда кызматтарды көрсөтүүнү токтото туруу же токтотуу укуктарына;

- маалымдаманы чыгаруу максатында абоненттерге, башка жактарга тиешелүү купуя эмес маалыматтарды берүү милдеттенмелерине;

- пайдалануучунун, ар кандай жабык маалыматтын же ачыкка чыгаруу улуттук коргонууга, коопсуздукка же укук тартибин коргоого коркунуч келтириши мүмкүн болгон башка маалыматтардын купуялыгын камсыз кылууга лицензиаттын милдеттенмелерине;

- улуттук коргоого, коопсуздукка же укук тартибине коркунучтун учурунда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда, анын ичинде почта байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу боюнча мамлекеттин талаптарын канааттандырууга лицензиаттын милдеттерине;

- ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган жыйымдарды жана чегерүүлөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерге;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде ушул Мыйзамды жана почта байланышы жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды сактоо милдеттенмелерине;

- лицензиаттын укуктарына жана милдеттерине карата лицензияда жалпы же атайын шарттардын болушуна;

- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлөөчү ыйгарым укуктуу орган тарабынан изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн шарттарды жана талаптарды сактоого лицензиаттын милдеттенмелерине.

(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-11)
