# 1-берене. Почта байланышы тармагындагы иш-аракеттердин принциптери

- Документ: [Почта байланышы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/434)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 20-июнунун № 52 "Почта байланышы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2001
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-416/edition/1286799/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/434/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Почта байланышы жөнүндө, 1-берене (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-1

---

Кыргыз Республикасында почта байланышы тармагындагы иш-аракеттер төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:

- Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдерине туура келүү;

- почта байланышы кызматын атаандаштыктын, жекече ишкердиктин жана коммерциялык өз алдынчалыктын негизинде тейлөө көрсөтүү;

- мамлекеттин почта байланышы тармагындагы саясатты иштеп чыгуу жана почта байланышы ишканалары менен операторлорунун иш-аракеттерин жөнгө салуу функцияларын тармактарды эксплуатациялоо жана почта байланышы кызматтарын тейлөө функцияларынан ажыратуу;

- почта байланышы кызматынын сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу;

- почта байланышы тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча жагымдуу шарттарды түзүү;

- почта байланышы тармактары менен кызматтарынан бардык жеке жана юридикалык жактардын бирдей пайдалануусу;

- почта байланышы ишканаларынын пайдалануучулардын маалыматтарынын купуялуулугун сактоо;

- почта байланышы кызматынан пайдалануучулардын укуктары менен кызыкчылыктарын камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында болгон бирдиктүү почта аймагынын алкагындагы почта байланышынын иш-аракеттерин жөнгө салуу;

- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында почта байланышы тармагындагы стандарттардын, ошондой эле техникалык жана экономикалык саясаттын башка талаптарынын бирдейлиги;

- өзгөчө кырдаалдарда жана мамлекеттик башкаруу, коргоо, коопсуздук, укук тартибин сактоо жаатындагы милдеттерди аткаруу үчүн почта байланышы тармактарынан пайдаланууга жолдун ачыктыгы.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/434/st-2)
