# Нарын шаарыдык кенешинин 2021-жылдын 16-августундагы № 1 "Нарын шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарын шаарыдык кенешинин 2021-жылдын 16-августундагы № 1 "Нарын шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433855>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63312/edition/1087712/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаарыдык кенешинин 2021-жылдын 16-августундагы № 1 "Нарын шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө" токтому (16.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433855

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫНЫН

2021-жылдын 16-августу № 1

Нарын шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын 4.4-бөлүмчөсүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы №329 токтому менен бекитилген “Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелерине” жана Нарын шаарынын мэринин сунушуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык Кеңешинин сессиясына катышкан 24 депутаттын 17 добушуна ээ болгон “Патриот Ынтымагы” фракциясынын депутаты Джунусов Майрамбек Таласбековичти Нарын шаарынын биринчи вице-мэри кызмат ордуна дайындоого макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.

Төрага А.Молдосалиев
