# Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 4/1 “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категориясын которууга макулдук берүү жөнүндөгү Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын сессиясынын 05.03.2020-жылдагы №3 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 4/1 “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категориясын которууга макулдук берүү жөнүндөгү Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын сессиясынын 05.03.2020-жылдагы №3 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4/1
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433837>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63294/edition/1087580/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 4/1 “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категориясын которууга макулдук берүү жөнүндөгү Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын сессиясынын 05.03.2020-жылдагы №3 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (15.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433837

---

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV кезексиз сессиясы

2021-жылдын 15-июлу № 4/1 “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категориясын которууга макулдук берүү жөнүндөгү Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын депутаттарынын сессиясынын 05.03.2020-жылдагы №3 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө. “Нарын” өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна, Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына тийиштүү жер аянттары боюнча ушул эле айыл аймагынын 2019-жылдын 12-июлундагы жалпы элдик чогулушунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын №145 мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” убактылуу жобосуна ылайык, Жерге-Тал айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IV кезектүү сессиясы токтом кылат:

1. Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагында жайгашкан, жалпы аянты 21,09 га мамлекеттик менчиктеги жерлерди (19,79 га сугат айдоо (контур №2-1,69 га, №3-8,80 га, №3-4,0 га, №3-5,3 га), 1,3 га жайыт (контур №1-1,3 га)) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо иши Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом Жерге-Тал айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jergetal.naryn-region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага

М.Турганалиев
