# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-январындагы № 17-6 "Жер казынасынан пайдаланууну ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-январындагы № 17-6 "Жер казынасынан пайдаланууну ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 17-6
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433768>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63226/edition/1053548/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-январындагы № 17-6 "Жер казынасынан пайдаланууну ижарага берүү жөнүндө" токтому (28.01.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433768

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги он жетинчи сессиясы

2020-жылдын 28-январы № 17-6 Жер казынасынан пайдаланууну ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” 2018-жылдын 19- майындагы №49 мыйзамынын 7-беренесине негизинде, Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Шарипбек уулу Дилзаттын арызын канааттандыруу максатында, айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Арт дарыясынын суу сактагычтагы чөң көпүрөнүн батыш тарабынан жалпы аянты 1,65 га сайдын ичинен кум шагал казып алууга ижарага 5 жылга макулдук берилсин.

2. Жер участогун каттоодон өткөрүү жагы Сузак райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.

3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Калмаматовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

Төрага

А. Маканбаев
