# Чапаев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июлундагы № 88 "Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июлундагы № 88 "Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433698>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63156/edition/1052555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/433698.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июлундагы № 88 "Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (10.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433698

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2019-жылдын 10-июлу № 88 Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында, ушул Мыйзымдын 121-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктунун негизинде: Чапаев айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 18,36 жана 37-беренелерине ылайык, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагында «Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмеси түзүлсүн (мындан ары – КААБ).

2. Бекитилсин:

2.1. КААБдын кеңешинин курамы 1-тикемеге ылайык;

2.2. «КААБ» коомдук бирикменин Уставы 2-тиркемеге ылайык.

3. Чапаев айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге белгиленген тартипте иш жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр тапшырылсын:

3.1. Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында «КААБ» коомдук бирикмесин мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;

3.2. Ушул токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтсүн;

3.3. КААБнун иш-аракетин уюштуруу үчүн иш-чара көрсүн;

3.4. КААБнүн мөөрүн жана штамптарын алууга көмөк көрсөтсүн.

4. Ушул Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө Социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо комиссиясына жүктөлсүн.

5. Ушул чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзам менен белгиленген учурдагы юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын тастыктайбыз.

Төрага

Р. Алманиязов
