# Чапаев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июлундагы № 87 "Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүнүн уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июлундагы № 87 "Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүнүн уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433697>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63155/edition/1049567/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/433697.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2019-жылдын 10-июлундагы № 87 "Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүнүн уставын бекитүү жөнүндө" токтому (10.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433697

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2019-жылдын 10-июлу № 87 Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүнүн уставын бекитүү жөнүндө Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүнүн уюштуруучулук-укуктук иш-аркетин күчүнө кирген мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесинин жоболорун эске алып, Чапаев айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айыл окмөтүнүн башчысын угуп чыгып, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чуй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүнүн уставы тиркемеге ылайык жаңы редакцияда бекитилсин.

2. Чапаев айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге белгиленген тартипте иш жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр тапшырылсын:

2.1. Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын Чапаев айыл өкмөтүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында кайрадан каттоону өткөрсүн;

2.2. Ушул токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

4. Ушул чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзам менен белгиленген учурдагы юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын тастыктайбыз.

Төрага

Р. Алманиязов
