Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чапаев айылдык кеңешинин «Чапаев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө» токтому
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешини кезектеги сессиясы
2018-жылдын 26-декабры № 65 Чапаев айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө Айыл өкмөттүн сунуштаган 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин кирешесинин жана чыгашасынын жыйнагын карап чыгып, каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы М.М.Султаналиеванын айыл өкмөттүн кирешеси жана чыгашасы боюнча айтылган маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 36 жана 37-бренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн 2019-жылга карата кирешеси боюнча бюджети 5680,9 миң сом суммада бекитилсин.
2. Айыл өкмөттүн 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү төмөнкүдөй түрдөгү түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн:
- салык агенти төлөгөн киреше салыгы
2369,0 миң сом
- чакан ишкердиктин субъектилери үчүн бирдиктүү салык
45,0 миң сом
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык
100,0 миң сом
- кыймылдуу мүлккө болгон салык
235,0 миң сом
- кыймылсыз мүлккө болгон салык
10,0 миң сом
- короо жай жер участокторун пайдалагандыгы үчүн жер салыгы
50,0 миң сом
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
1100,0 миң сом
- айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
244,8 миң сом
- соода салык
12,0 миң сом
- жер казынасын пайдалануу салыгы (роялти)
12,0 миң сом
- жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармагандыгы үчүн төлөө
400,0 миң сом
- калктуу конуштарында жерлердин ижарасын төлөө
33,0 миң сом
- жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөө
147,0 миң сом
- АЧЖМФнун жерлердин ижарасын төлөө
550,0 миң сом
- таштандыларды чогултуу жана алып кетүү
0,5 миң сом
-теңөө гранттары
372,6 миң сом
Бюджет боюнча бардык кирешелер
5680,9 миң сом
3. Айыл өкмөттүн 2019-жылга карата чыгаша боюнча бюджети 5680,9 миң сом суммада бекитилсин, анын ичинде:
- аткаруу органы (аппарат)
3142,5 миң сом
- жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башка иш-чаралар
30 миң сом
- экономикалык маселелер
410,0 миң сом
- жайыт комитети
48,0 миң сом
- башка туракжай-коммуналдык кызматтар
147,9 миң сом
- клуб
408,3 миң сом
- китепкана
179,2 миң сом
- маданият боюнча иш-чаралар
110,0 миң сом
- социалдык коргоо тармагындагы башка кызматтар
160,0 миң сом
Орто билим берүү
- Спартак о.м.
815,0 миң сом
- Красный Пахарь б.о.м.
230,0 миң сом
Бюджет боюнча бардык чыгашалар
5680,9 миң сом
4. Максаттуу эмес багыт боюнча бюджеттик каражаттарды чыгымдоо үчүн жоопту жетекчилер жеке жоопкерчилике тартылаары белгиленсин.
5. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга карата чыгашаларын каржылоо накталай келип түшкөн кирешелердин чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин, ошол эле учурда корголгон статьялар боюнча кызмат акы, социалдык фондко чегерүү, коммуналдык кызматтарды төлөө биринчи кезекте каржыланат.
6. Жергиликтүү бюджет боюнча чыгымдоо сметасына эсеп-кысап 5680,9 миң сом суммада каралып, бекилгендиги эске алынсын.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 110-беренесине ылайык айыл өкмөттүн жүгүртүлүүчү кассалык накталай акчанын көлөмү 180,0 миң сом суммасында бекитилсин.
8. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.
10. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Р. Алманиязов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон