# Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 59 "Чапаев айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 59 "Чапаев айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433693>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63151/edition/1049559/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/433693.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 59 "Чапаев айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу жөнүндө" токтому (28.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433693

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2018-жылдын 28-июну № 59 Чапаев айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу жөнүндө Чапаев айыл аймагы боюнча СКЗнын төрайымы Д.Т.Казыбаеванын Чапаев айыл аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу боюнча комиссияны түзүү жөнүндө сүйлөгөн сөзүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна, 32,36 жана 37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык кеңештин Спартак жана Маловодное айылдардын аймагында алкоголдук ичимдиктерди сатууну жөнгө салуу жөнүндө чечимин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдин соода-сатуу ишканалар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн айылдык кеңештин төмөнкүдөй убактылуу комиссиялары түзүлсүн:

1.1. Спартак айылы боюнча кийинкидей курамда:

- комиссиянын төрайымы:

Д.Т.К азыбаева;

- комиссиянын мүчөлөрү:

1) С.Тилейбекова;

2) К.Ж. Иманкулов;

3) У.С. Айдакеева;

4) Э.Б.Колубекова;

5) МАБнүн кызматкери (макулдашуу боюнча).

1.2. Маловодное айылы боюнча кийинкидей курамда:

- комиссиянын төрайымы:

К.Акимова;

- комиссиянын мүчөлөрү:

1) Б.Ж.Батраков;

2) К.Ж.Иманкулов;

3) Р.М.Нурсеитов;

4) А.Чинарбек уулу;

5) МАБнүн кызматкери (макулдашуу боюнча).

2. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге тапшырылсын.

4. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
