# Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 2-апрелиндеги №55 "Чапаев айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 2-апрелиндеги №55 "Чапаев айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 55
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433690>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63148/edition/1049464/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/433690.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 2-апрелиндеги №55 "Чапаев айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (02.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433690

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын

2018-жылдын 2-апрели №55 Чапаев айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө Чапаев айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин долбоорун карап чыгып, жайыт комитеттин төрагасынын айтылган маалыматын угуп жана талкууулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31,36-37-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-жана 7-бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын жоболоруна ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чапаев айыл аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджети 147,009 миң сом суммада бекитилсин.

2. Жайыт комитети жайыттарды пайдалануу үчүн акы жыйноону жана колдогу каражаттарды рационалдуу колдонууну камсыз кылсын.

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылууну жайыт комитетинин төрагасы У.К.Набиевге тапшырылсын.

5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А. Байсульдаевге жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
