# Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-январындагы №42 "Чапаев айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-январындагы №42 "Чапаев айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63145/edition/1049279/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/433687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-январындагы №42 "Чапаев айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому (29.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433687

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын

2018-жылдын 29-январы №42 Чапаев айыл өкмөтүнүн түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктуна жана 37-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттүн 2018-жылга карата штаттык саны 12 бирдикте, анын ичинде кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлер - 2 бирдикте бекитилсин.

2. Айыл өкмөттүн 2018-жылга карата штаттык ырааттамасы бекитилсин.

3. Клубтардын штаттык саны 5,0 бирдик санында бекитилсин.

4. Китепканалардын штаттык саны 2,5 бирдик санында бекитилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 12-октябрындагы №01-24/166 буйругу менен бекитилген Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациялоо жөнүндө жобосуна ылайык айыл өкмөтү Чапаев айылдык кеңешинин төрагасына бир жолку компенсация төлөсүн.

6. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жоопту катчысына тапшырылсын.

8. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
