# Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-январындагы №41 "Айыл өкмөттүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган бюджеттик жана ат айын каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-январындагы №41 "Айыл өкмөттүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган бюджеттик жана ат айын каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433686>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63144/edition/1049277/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/433686.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чапаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-январындагы №41 "Айыл өкмөттүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган бюджеттик жана ат айын каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө" токтому (29.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433686

---

ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

2018-жылдын 29-январы №41 Айыл өкмөттүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган бюджеттик жана ат айын каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө Айыл өкмөттүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган бюджеттик каражат боюнча 1201,0 миң сомду жана атайын каражат боюнча 5800 сомду бөлүштүрүү зарылдыгана байланыштуу, бюджеттик жана атайын каражаттарды рационалдуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы М.М.Султаналиеванын айтылган маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 36-37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018-жылдын 1-январына карата бюджеттик каражат боюнча бош калган 1201,0 миң сом төмөнкү бөлүмдөрдүн чыгашаларына багытталсын:

- аткаруу органы (аппарат)

155,0 миң сом

- жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башка иш-чаралар

40 миң сом

- турак жай-коммуналдык чарбасы (генплан)

300,0 миң сом

- «Спартак» о.м.

80,0 миң сом

- башка турак жай-коммуналдык чарбасы

626,0 миң сом

Бардыгы

1201,0 миң сом

2. 2018-жылдын 1-январына карата атайын каражат боюнча бош калган 5800 сом төмөнкү бөлүмдүн чыгашасына багытталсын:

- аткаруу органы (аппарат)

5800 сом

3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.

5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Р. Алманиязов
