Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чапаев айылдык кеңешинин «Айыл өкмөттүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган бюджеттик жана ат айын каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө» токтому
ЧАПАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
XXVII чакырылыштагы Чапаев айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2018-жылдын 29-январы №41 Айыл өкмөттүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган бюджеттик жана ат айын каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө Айыл өкмөттүн 2018-жылдын 1-январына карата бош калган бюджеттик каражат боюнча 1201,0 миң сомду жана атайын каражат боюнча 5800 сомду бөлүштүрүү зарылдыгана байланыштуу, бюджеттик жана атайын каражаттарды рационалдуу пайдалануусун камсыз кылуу максатында, каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы М.М.Султаналиеванын айтылган маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 36-37-беренелерине ылайык Чапаев айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 1-январына карата бюджеттик каражат боюнча бош калган 1201,0 миң сом төмөнкү бөлүмдөрдүн чыгашаларына багытталсын:
- аткаруу органы (аппарат)
155,0 миң сом
- жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башка иш-чаралар
40 миң сом
- турак жай-коммуналдык чарбасы (генплан)
300,0 миң сом
- «Спартак» о.м.
80,0 миң сом
- башка турак жай-коммуналдык чарбасы
626,0 миң сом
Бардыгы
1201,0 миң сом
2. 2018-жылдын 1-январына карата атайын каражат боюнча бош калган 5800 сом төмөнкү бөлүмдүн чыгашасына багытталсын:
- аткаруу органы (аппарат)
5800 сом
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Ж.А.Байсульдаевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткрылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Р. Алманиязов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон