# Беловодск айылдык кеңешинин 2020 жылдын 17-сентябрындагы № 131 "Беловодский айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Беловодск айылдык кеңешинин 2020 жылдын 17-сентябрындагы № 131 "Беловодский айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.09.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433670>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-15178/edition/1047226/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/433670.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.09.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Беловодск айылдык кеңешинин 2020 жылдын 17-сентябрындагы № 131 "Беловодский айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө" токтому (17.09.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433670

---

БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020 жылдын 17-сентябры № 131 Беловодский айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн, коомдук жайларды жарык менен камсыз кылуу жана уюштуруу, калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун жана светофорлордун иштеши, ошондой эле парктардын, спорттук жайлардын жана эс алуу жайларынын иштеши үчүн муниципалдык ишкананы түзүү маселесин угуп жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын ЖК 87,227,230 жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 62 беренеси менен жетекчиликке алып. ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Коомдук жайларда жарыктандырууну уюштуруу жана техникалык тейлөө, калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун жана светофорлордун иштеши, ошондой эле парктардын, спорттук жайлардын жана эс алуу жайларынын иштеши боюнча муниципалдык ишкана түзүлсүн.

2. Беловодский айыл өкмөтүнүн адистери түзүлгөн муниципалдык ишкананын уюштуруу документтерин каржы-экономикалык негиздерин даярдашат.

3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик актыларына киргизүү үчүн жөнөтсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Б. Садыгалиевге жүктөлсүн.

Төрага

Конушбаев Т.А.
