# Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 35-27 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин имаратын жана ага жанаша жаткан аймакты Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 35-27 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин имаратын жана ага жанаша жаткан аймакты Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35-27
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433593>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-63053/edition/1012559/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/433593.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 29-ноябрындагы № 35-27 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин имаратын жана ага жанаша жаткан аймакты Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (29.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433593

---

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 29-ноябры № 35-27 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин имаратын жана ага жанаша жаткан аймакты Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылы Набережная көчөсү 17 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин имаратын ага жанаша жаткан аймагы менен муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынынын 6-беренесинин жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аламүдүн айылы Набережная көчөсү 17 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин имаратын ага жанаша жаткан аймагы менен Аламүдүн айыл аймагынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо “Өнөр жайды, сооданы, чакан жана орто бизнести, коммуникацияларды, курулушту, архитектураны өнүктүрүү, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча” туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

Төрага

А. Филимоненко
