# Сары-Коо айылдык кеңешинин 2019-жылдын 05-сентябрындагы № 40 "Сары-Коо айыл аймагынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Келечек планын 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мөөнөткө бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Сары-Коо айылдык кеңешинин 2019-жылдын 05-сентябрындагы № 40 "Сары-Коо айыл аймагынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Келечек планын 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мөөнөткө бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62901/edition/1021903/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/433439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Коо айылдык кеңешинин 2019-жылдын 05-сентябрындагы № 40 "Сары-Коо айыл аймагынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Келечек планын 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мөөнөткө бекитүү тууралуу" токтому (05.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433439

---

САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 05-сентябры № 40 Сары-Коо айыл аймагынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Келечек планын 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мөөнөткө бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо иретинде жана Сары-Коо айыл өкмөтүнүн жер маселеси боюнча убактылуу адиси Т.Сатаевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243-токтомго ылайык “Сары-Коо айыл аймагынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Келечек планын 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мөөнөткө бекитүү” тууралуу маалыматынын негизинде, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берөө шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 599, 2019-жылдын 15-февралындагы № 55 токтомдорунун редакцияларына ылайык жана ошондой эле Сары-Коо айыл өкмөтүнүн каржы булагын жогорулатуу иретинде, Сары-Коо айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Коо айыл аймагынын “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу Келечек планын 2019-жылдан 2024-жылга чейинки мөөнөткө” бекитилсин.

2. Бекитилген токтом Сары-Коо айыл аймагынын сайтына жарыялансын.

3. Сары-Коо айыл аймагынын “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу 2019-жылдан 2024-жылга чейинки Келечек планын” Мамлекеттик нормативдик-укуктук актыларынын үзүмүнө киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министирлигинин Чүй-Бишкек бөлүмүнө жиберилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Баковго жүктөлсүн.

Төрага

Макеев Э.А.
