Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкорбаев айылдык кенешинин «Айыл аймагындагы объекттерди муниципалдык менчикке чыгаруу жөнүндө» токтому
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 19-декабры №139/XIX-27 Айыл аймагындагы объекттерди муниципалдык менчикке чыгаруу жөнүндө Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун айтуусу боюнча айыл аймагындагы объекттер Кыргыз Республикасынын 11.11.1996-жылдагы №531 токтому менен муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген, ал эми кандайдыр бир себептер менен кээ бир объекттер муниципалдык менчикке өтпөй калган, ошондуктан айыл аймагындагы төмөнкү объекттерди муниципалдык менчикке өткөрүүгө муктаж болуудабыз: Кенеш айылындагы суу басым мунарасы-1; аянты-10100,0 кв.м.; Буденновка айылындагы суу басым мунарасы-2, аянты-9000,0 кв.м.
Д. Курманалиев айылындагы суу басым мунарасы-1, аянты-3000,0 кв.м.
жогорудагы айтылгандарды угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши, ТОКТОМ КЫЛАТ: Кочкорбаев айылдык аймагындагы төмөнкү объекттор муниципалдык менчикке алынсын: Кенеш айылындагы суу басым мунарасы-1; аянты-10100,0 кв.м.; Буденновка айылындагы суу басым мунарасы-2, аянты-9000,0 кв.м.
Д. Курманалиев айылындагы суу басым мунарасы-1, аянты-3000,0 кв.м.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Албекенов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.