# Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-сентябрындагы № 14/3 "Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-сентябрындагы № 14/3 "Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14/3
- Кабыл алынган күнү: 06.09.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/433349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62823/edition/1021085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/433349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Красный Восток айылдык кеңешинин 2019-жылдын 06-сентябрындагы № 14/3 "Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (06.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/433349

---

КРАСНЫЙ ВОСТОК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 06-сентябры № 14/3 Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациалоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесине ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169-чү Токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациалоо) жөнүндө” убактылуу жобосунун 14-пунктуна ылайык, Жайыл районунун комиссиясынын 2019-жылдын 3-майындагы “Жер участокторун которуу (трансформациалоо) боюнча, арыздарды кароо жана даярдоо жөнүндөгү” кортундусу менен таанышып жана карап чыгып, Красный Восток айылдык Кеңешинин депутаттарынын отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Красный Восток айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Присельный” жер тилкесинин 93-чү контурунда жайгашкан “Северэлектро” ААКна караштуу иштеп турган электр станциясын мыйзамдаштыруу үчүн, жалпы аянты 757,35 ч.м. түзгөн жер тилкесин, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин

2. Жайыл райондук мамлекеттик администарциясынын башчысына Красный Восток айыл өкмөтүнүн карамагындагы “Присельный” жер тилкесинин 93-чү контурунда жайгашкан “Северэлектро” ААКна караштуу иштеп турган электр станциясын мыйзамдаштыруу үчүн, жалпы аянты 757,35 ч.м. түзгөн жер тилкесин, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуп берүү өтүнүчү жолдонсун.

3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү агрардык маселелер боюнча, депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б. Закиров
