Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №352 «Терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди „адалдоого“ каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 апреля 2012 года УП № 95 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-04-25.
КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 8-сентябры ПЖ № 352 Терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди "адалдоого" каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 655, 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ № 58, Жарлыгынын редакциясына ылайык) Жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын андан ары коргоону камсыз кылуу, терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди "адалдоого" каршы күрөшүүнү күчөтүү, Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн жана финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 46-статьяларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-июнундагы № 251 "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча аракеттердин Планынын 36-статьясын жетекчиликке алып жана бул маселе Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзам актылары менен жөнгө салынганга чейин токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо Кызматы (мындан ары - Кызмат) түзүлсүн.
2. (КР Президентинин 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ № 58 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин:
- Кыргыз Республикасынын финансыдык чалгындоо Кызматы жана анын түзүмү жөнүндө Жобонун долбоорун:
- Кызматты түзүү боюнча уюштуруу планынын долбоорун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кызматты түзүү менен байланышкан бардык уюштуруу жана финансылык маселелерди чечсин:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул Жарлыктан келип чыккан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордү киргизүү боюнча сунушу киргизсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.04.2012 · № 95
- КР Президентинин Жарлыгы 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ №58 "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуУказ · 19.02.2010 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.04.2012 · № 95
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-июнундагы № 251 "Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн мамлекеттик стратегиясы жөнүндө"…Указ · 21.06.2005 · № 251 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин Жарлыгы 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ №58 "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуУказ · 19.02.2010 · № 58 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 26-августундагы № 387-б буйругуРаспоряжение · 19.09.2005 · № 191
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Государственная стратегия борьбы с коррупцией в Кыргызской Республике ( Утверждена Указом исполняющего обязанности Президента Кыргызской Республики от 21 июня 2005 года № 251)Стратегия · 21.06.2005 · № 251 · Күчүн жоготкон