# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 13-сентябрындагы ПЖ №377 "№ 8 Түндүк жана № 20 Аксы бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча чыгып калгандардын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 13-сентябрындагы ПЖ №377 "№ 8 Түндүк жана № 20 Аксы бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча чыгып калгандардын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 377
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1963/edition/1162683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 13-сентябрындагы ПЖ №377 "№ 8 Түндүк жана № 20 Аксы бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча чыгып калгандардын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону дайындоо жөнүндө" (13.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4328

---

КР Президентинин

2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 13-сентябры ПЖ № 377

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

№ 8 Түндүк жана № 20 Аксы бир мандаттуу аймактык

шайлоо округдары боюнча чыгып калгандардын

ордуна Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешине депутаттарды

шайлоону дайындоо

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 6-пунктунун

3-пунктчасына, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин

69-статьясынын 7-пунктуна ылайык токтом кылам:

1. № 8 Түндүк жана № 20 Аксы бир мандаттуу аймактык шайлоо округ-

дары боюнча чыгып калгандардын ордуна Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2005-жылдын 27-ноябрына дайын-

далсын.

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

Борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзам-

дарына ылайык камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- аталган шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү финансылоо маселесин чечсин;

- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыр-

гыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз

кылсын.

4. Бишкек шаарынын мэриясы, Жалалабат областынын Аксы районунун

мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-

дары шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди

чечүүгө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
