# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-августундагы ПЖ № 341 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-августундагы ПЖ № 341 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 341
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.08.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4327>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1962/edition/1162675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4327.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.08.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-августундагы ПЖ № 341 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө" жарлыгы (30.08.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4327

---

КР Президентинин

2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына

ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 30-августундагы ПЖ № 341

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун

жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ишин

материалдык-техникалык жана финансылык жактан

камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-статьясына ылайык жана

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сстунун, Кыргыз Республикасынын

Жогорку Сотунун көзкарандысыз жана натыйжалуу иши үчүн зарыл шарттарды

түзүү, ошондой эле алардын ишин материалдык-техникалык жана финансылык

жактан камсыз кылууну андан ары оптималдаштыруу максатында токтом кы-

лам:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Сотунун ишин материалдык-техникалык жана финансы-

лык жактан камсыз кылуу аталган органдар тарабынан өзалдынча жүргүзүлө

тургандыгы белгиленсин.

2. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин материал-

дык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылууну андан ары

өркүндөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын

19-октябрындагы № 300 Указынын 1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирги-

зилсин;

- экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку

Арбитраждык сотунун" деген сөздөр алып салынсын;

- үчүнчү абзацта "жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык

сотунун" деген сөздөр алып салынсын;

- төртүнчү абзацта "жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраж-

дык сотунун" деген сөздөр алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген

тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Сотунун балансына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз Рес-

публикасынын Конституциялык Сотун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку

Сотун тейлеген кызматкерлеринин штатын:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Сотунун ишин камсыз кылуу үчүн колдонулуучу финансы-

лык материалдык-техникалык жана башка мүлктү;

- төмөнкүдөй сунуштарды даярдасын жана киргизсин:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүн жана

штаттык санын өзгөртүү:

Мамлекет башчынын ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык

келтирүү боюнча.

4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Соту белгиленген тартипте:

- төмөнкүлөрдү өз балансына кабыл алсын:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз Рес-

публикасынын Конституциялык Сотун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку

Сотун тейлеген кызматкерлеринин штатын;

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Сотунун ишин камсыз кылуу үчүн колдонулуучу финансы-

лык, материалдык-техникалык жана башка мүлктү.

5. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Сотунун Төрагаларына эки айлык мөөнөттө Кыргыз

Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Сотунун аппараттарынын түзүмүнө жана штаттык санына тийиштүү

өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка ма-

селелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациялык Жетекчисине жүктөлсүн.

8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
