# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 18-августундагы ПЖ № 329 "Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык реформанын Стратегиясын жүзөгө ашырууну жана Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга фискалдык реформанын орточо мөөнөттөгү Стратегиясын иштеп чыгууну аяктоо жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 18-августундагы ПЖ № 329 "Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык реформанын Стратегиясын жүзөгө ашырууну жана Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга фискалдык реформанын орточо мөөнөттөгү Стратегиясын иштеп чыгууну аяктоо жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 329
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/4325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-1960/edition/288143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/4325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 18-августундагы ПЖ № 329 "Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык реформанын Стратегиясын жүзөгө ашырууну жана Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга фискалдык реформанын орточо мөөнөттөгү Стратегиясын иштеп чыгууну аяктоо жөнүндө" жарлыгы (13.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/4325

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2006-жылдын 13-апрелиндеги ПЖ № 172 Жарлыгына

ылайык күчүн жоготкон

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 18-августу ПЖ № 329

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык

реформанын Стратегиясын жүзөгө ашырууну жана

Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга

фискалдык реформанын орточо мөөнөттөгү

Стратегиясын иштеп чыгууну

аяктоо жөнүндө

2010-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Комплекстүү не-

гиздеринин жана 2005-2007-жылдарга кедейликти жоюу жана экономикалык

өсүшкө көмөк көрсөтүү Программасынын жана акыйкат башкаруу боюнча Кон-

сультациялык кењеш (АБКК) тарабынан жактырылган мамлекеттик башкаруу

системасын реформалоо Стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын

чегинде чарба жүргүзүүчү субьекттердин ишин, тике инвестициялардын агы-

мын жигердештирүү жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын аткаруу

үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен өлкөнү эконо-

микалык жактан туруктуу өнүктүрүүнүн натыйжалуу саясатын калыптандыруу

процессин андан ары өркүндөтүү максатында токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 16-июлундагы №

191 "Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык реформанын Стра-

тегиясы жөнүндө" Указы менен бекитилген фискалдык реформанын Стратегия-

сын жүзөгө ашыруу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин

аткаруучунун 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 103 "Кыргыз Республикасынын

финансы системасын башкаруу органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы-

нын жоболорун эске алуу менен 2006-жылдын 1-январына чейин узартылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ушул Жарлыктын 1-пунктун жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын пла-

нын бекитсин;

- Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга фискалдык реформанын

орточо мөөнөттөгү Стратегиясын иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык реформанын

Стратегиясын жүзөгө ашырууну жана Кыргыз Республикасында 2005-2007-жыл-

дарга фискалдык реформанын орточо мөөнөттөгү Стратегиясын иштеп чыгууну

аяктоо боюнча комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

4. Комиссия төмөнкүлөрдү бир айлык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:

- Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга фискалдык реформанын

орточо мөөнөттөгү Стратегиясынын долбоорун;

- иш-чараларлардын планынын долбоорун;

- аталган Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча ченемдик укуктук акты-

лардын пакетин.

5. Кыргыз Республикасыныа Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-

йык келтирсин.

6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2005-жылдын 18-августундагы № 329

Жарлыгынын тиркемеси

Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык

реформанын Стратегиясын жүзөгө ашырууну жана

Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга

фискалдык реформанын орточо мөөнөттөгү

Стратегиясын иштеп чыгууну аяктоо

боюнча комиссиянын

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын - комиссиянын төрагасы;

Премьер-министри

Кыргыз Республикасынын - комиссиянын төрагасынын орунбасары.

Финансы-министри

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бюджет жана финансы боюн-

ча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика-

лык саясат бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы

бөлүмүнүн бюджет, салык жана тариф саясаты секторунун башчысы;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, тышкы соода жана

өнөр жай министринин биринчи орунбасары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспек-

циясынын директорунун орунбасары.
