Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 329 «Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык реформанын Стратегиясын жүзөгө ашырууну жана Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга фискалдык реформанын орточо мөөнөттөгү Стратегиясын иштеп чыгууну аяктоо жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 13 апреля 2006 года УП №172 "О среднесрочной Стратегии совершенствования налоговой политики в Кыргызской Республике на 2006-2008 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-04-13.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 13-апрелиндеги ПЖ № 172 Жарлыгына
ылайык күчүн жоготкон
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-августу ПЖ № 329
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык
реформанын Стратегиясын жүзөгө ашырууну жана
Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга
фискалдык реформанын орточо мөөнөттөгү
Стратегиясын иштеп чыгууну
аяктоо жөнүндө
2010-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Комплекстүү не-
гиздеринин жана 2005-2007-жылдарга кедейликти жоюу жана экономикалык
өсүшкө көмөк көрсөтүү Программасынын жана акыйкат башкаруу боюнча Кон-
сультациялык кењеш (АБКК) тарабынан жактырылган мамлекеттик башкаруу
системасын реформалоо Стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын
чегинде чарба жүргүзүүчү субьекттердин ишин, тике инвестициялардын агы-
мын жигердештирүү жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын аткаруу
үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен өлкөнү эконо-
микалык жактан туруктуу өнүктүрүүнүн натыйжалуу саясатын калыптандыруу
процессин андан ары өркүндөтүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 16-июлундагы №
191 "Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык реформанын Стра-
тегиясы жөнүндө" Указы менен бекитилген фискалдык реформанын Стратегия-
сын жүзөгө ашыруу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин
аткаруучунун 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 103 "Кыргыз Республикасынын
финансы системасын башкаруу органдарын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы-
нын жоболорун эске алуу менен 2006-жылдын 1-январына чейин узартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктын 1-пунктун жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын пла-
нын бекитсин;
- Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга фискалдык реформанын
орточо мөөнөттөгү Стратегиясын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык реформанын
Стратегиясын жүзөгө ашырууну жана Кыргыз Республикасында 2005-2007-жыл-
дарга фискалдык реформанын орточо мөөнөттөгү Стратегиясын иштеп чыгууну
аяктоо боюнча комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Комиссия төмөнкүлөрдү бир айлык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
- Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга фискалдык реформанын
орточо мөөнөттөгү Стратегиясынын долбоорун;
- иш-чараларлардын планынын долбоорун;
- аталган Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча ченемдик укуктук акты-
лардын пакетин.
5. Кыргыз Республикасыныа Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 18-августундагы № 329
Жарлыгынын тиркемеси
Кыргыз Республикасында 2005-жылга чейин фискалдык
реформанын Стратегиясын жүзөгө ашырууну жана
Кыргыз Республикасында 2005-2007-жылдарга
фискалдык реформанын орточо мөөнөттөгү
Стратегиясын иштеп чыгууну аяктоо
боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын - комиссиянын төрагасы;
Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын - комиссиянын төрагасынын орунбасары.
Финансы-министри
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бюджет жана финансы боюн-
ча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика-
лык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы
бөлүмүнүн бюджет, салык жана тариф саясаты секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, тышкы соода жана
өнөр жай министринин биринчи орунбасары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспек-
циясынын директорунун орунбасары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Президентинин 2006-жылын ПЖ №172 "2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү Стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 13.04.2006 · № 172 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Президентинин 2006-жылын ПЖ №172 "2006-2008-жылдарга Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүүнүн орто мөөнөттүү Стратегиясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 13.04.2006 · № 172 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 16 июля 2002 года №191 "О Стратегии фискальной реформы в Кыргызской Республике до 2005 года"Указ · 16.07.2002 · № 191 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Презитентинин милдетин аткаруучусунун 2005-жылындагы 14-апрелиндеги № 103 "Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын башкаруу органдарын Кайра…Указ · 14.04.2005 · № 103 · Күчүн жоготкон