# Достук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-июлундагы № 12 "Достук айылындагы кароосуз калган турак жайлардын дубалдарын тазалоо жɵнүндɵ" токтому

- Толук аталышы: Достук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-июлундагы № 12 "Достук айылындагы кароосуз калган турак жайлардын дубалдарын тазалоо жɵнүндɵ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/432426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62457/edition/997558/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Достук айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-июлундагы № 12 "Достук айылындагы кароосуз калган турак жайлардын дубалдарын тазалоо жɵнүндɵ" токтому (19.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/432426

---

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Достук айылдык кеңешинин (XVII-чакырылыштагы ) IX -сессиясы

2019-жылдын 19-июлу № 12 Достук айылындагы кароосуз калган турак жайлардын дубалдарын тазалоо жɵнүндɵ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы 2019-жыл “Аймактарды ɵнүктүрүү жана ɵлкɵнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жɵнүндɵгү №1 Жарлыгына жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын №129-б буйругуна ылайык “Мыкты айыл” кароо-сынагына катышкандыгыбызга ылайык Достук айыл аймагынын айылдык Кенешинин XVII чакырылышындагы IX кезексиз сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдын кɵркүн бузуп, жергиликтүү тургундардын ɵмүрүнɵ жана ден соолугуна кооптуу болгондугуна байланыштуу, кароосуз калган турак жайлардын дубалдарынын калдыктарын тазалап,түздɵɵ иштери жүргүзүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагын ɵзүмɵ калтырам.

Төрага

К.Өмүрканов
