# Ак-Булун айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-январындагы № 1 "Ак-Булун айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Булун айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-январындагы № 1 "Ак-Булун айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/432407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62438/edition/997516/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Булун айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-январындагы № 1 "Ак-Булун айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндө" токтому (18.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/432407

---

АК-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Булун айылдык кеңешинин (XXVII-чакырылыштагы ) 22 -сессиясы

2019-жылдын 18-январы № 1 Ак-Булун айыл аймагынын үй курууга берилген жерлерин трансформациялоого уруксаат берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 512 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мараторий киргизүү жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин жетекчилике алып жана Ак-Булун айылдык кеңешинин 2009-жылдын 20-майындагы токтомунда көрсөтүлгөн № 228 контур -10,1га ; № 198 контур- 9.61 га № 108 - 6,0га ; № 278 -3,0 га ; № 885 контур -4,0 га контурлардагы үй курууга берилген жерлерди трансформациядан өткөрүү үчүн айылдык кенеш ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ак-Булун айылдык кенешинин 27- чакырылышынын 2009-жылдын 20-майындагы кезексиз сессиясында : № 228 контур -10,1га ; № 198 контур- 9.61 га № 108 - 6,0га ; № 278 -3,0 га ; № 885 контур -4,0 контурларындагы бардыгы 32,71 га жер тилкелерине “Айрым айыл чарба багытындгы жер участокторун калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндөгү” токтомуна макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Т.У Жакуповго жүктөлсүн.

Төрага

Алымбек уулу Исламбек
