# Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №223 «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №223 «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/432389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62420/edition/996425/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/432389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №223 «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө" токтому (25.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/432389

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2019-жылдын 25-декабры №223 «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы №386/08-6 катын, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунуштарды кароо боюнча комиссиянын отурумунун 2019-жылдын 28-майындагы №2 протоколун карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2007-жылдын 15-февралындагы №203 токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №52 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгынын 2019-жылдын 25-декабрындагы №2 протоколун эске алып, Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын төмөндөгү атуулдарына «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын:

-Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы Алимбеков Давлетбек Каарыевичке; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы, милициянын полковниги Анарбаев Гуламжан Сатвалдыевичке.

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов
