# Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №218 "Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №218 "Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 218
- Кабыл алынган күнү: 25.12.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/432384>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-62415/edition/996409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/432384.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №218 "Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому (25.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/432384

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ош шаардык кеңешинин XXIV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2019-жылдын 25-декабры №218 Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-октябрындагы №730 “Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык, Ош шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык кеңешинин аппаратынын түзүмү 1-тиркемеге жана штаттык санына 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы №194 “Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси К.Камчиевге жүктөлсүн.

Төрага

Ж.Ормонов

2019-жылдын 25 -декабрындагы кезектеги ХХIV сессиясынын №218 токтомунун 2-тиркеме

Ош шаардык Кеңешинин аппаратынын аппаратынын штаттык саны

№

Кызматтык орундардын аталышы

Штаттык бирдиктердин саны

Саясий муниципалдык кызматкерлер

1.

Төрага

1

2.

Төраганын орун басары

1

3.

\*Туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы

2

Бардыгы:

4

Административдик муниципалдык кызматкерлер

1.

Аппарат жетекчиси

1

2.

Бөлүм башчы

3

3.

Башкы адис

5

4.

Жетектөөчү адис

5

5.

Адис

1

Бардыгы:

15

Техникалык тейлөө персоналы

1.

Башкы эсепчи

1

2.

Кабылдаманын катчысы

1

3.

Чарба башчысы

1

4

Инженер-программист

1

Бардыгы:

4

Кичи тейлөө персоналы

1.

Тазалоочу

1

Бардыгы:

1

ЖЫЙЫНТЫГЫ:

24

Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 13-беренесине ылайык шаардык Кеңештин чечими боюнча туруктуу комиссиялардын экиден ашпаган төрагалары өз ишмердүүлүгүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзө алышат. Акы төлөнүүчү төрагалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башка акы төлөнүүчү кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси

К.Камчиев
